АКШ менен Украина сейрек кездешүүчү металлдар боюнча келишимге келди 

АКШнын президенти Дональд Трамп Украина менен сейрек кездешүүчү металлдар боюнча макулдашууга жеткенин билдирди. Бул тууралуу орусиянын РИА Новости басылмасы жазды.

"АКШнын каржы министри мага сейрек кездешүүчү металлдар боюнча келишим дээрлик бүтүп калганын айтты. Жакын арада кол коюлат", - деген Трамп.

Белгилей кетсек, 28-февралда АКШ менен Украинанын президенттери Ак үйдүн овал кабинетинде журналисттердин алдында жолугушкан. Пресс-конференциядан кийин Киев менен Америка администрациясынын өкүлдөрү АКШга Украинанын сейрек кездешүүчү металлдарын алуу боюнча келишимге кол коюшу керек болчу.

Бирок Трамп менен Зеленскийдин ортосунда чатакташуу болуп, Зеленский Ак үйдөн чыгып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан