Францияда 7 футбол күйөрманы кармалып, кайра коё берилди

Футбол боюнча Франция менен Хорватиянын беттешинде нацисттик салам берген делип кармалган жети хорватиялык күйөрман бошотулду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Жекшембиде Париждеги "Стад де Франс" стадионундагы оюнда хорватиялыктар өз курамасын колдоого алып, ар кандай жаңсоолорду жасашкан. Алардын айрымдарынын кыймылдарында нацисттик жаңсоолордун белгилери бар делип кармалган. Бирок ишти караган прокуратура беттеш учурунда тартылган видеоматериалдарда ынандырарлык далилдер жок деген тыянакка келген. Ошентип кармалгандар эч кандай айыпсыз бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан