Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп Улан Жолдубаев дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы бүгүн, 25-мартта билдирди.
Анда кабарлангандай, тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров 4-февралда Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматын жоюп, анын ордуна Министрлер кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматын түзүү боюнча жарлыкка кол койгон. Аталган кызматка төрага болуп Чыңгыз Кожошев дайындалган.