Баткендеги аскер бөлүгүнүн айрым кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Себеби

Баткен гарнизонунда жайгашкан аскер бөлүгү эт азыктарын толук албай, мамлекетке 2 миллиондон ашык зыян келтирилген. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдирди.
"Анда 2024-жылдын июнь айынан тартып 2025-жылдын февраль айына чейинки аралыкта аскер бөлүктүн өздүк курамы үчүн багытталган эт азыктары толук көлөмдө алынып келбестен, бир бөлүгү акчалай түрдө системдүү түрдө алып жүрүшкөндүгү аныкталып, мамлекеттик бюджетке 2 миллион 500 миң сом материалдык зыян келтирилген", - деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча Коргоо министрлигине караштуу Баткен гарнизонунда жайгашкан аскер бөлүгүнүн жооптуу кызмат адамдарына Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу кызмат адам тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголгон.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан