Кыргызстанга кирүү визаларын мыйзамсыз даярдоого шектелип пакистандык кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, ал өзүнүн 14 мекендешинин ишенимине кирип, аларга бардык керектүү документтерди алып берүүнү убадалаган. Тагыраагы, ал мекендештерине Кыргызстанда 17 жылдан ашык убакыттан бери жүргөнүн башкы негиз катары колдонуп, бул аралыкта бир топ тааныш күткөнүн айтып, аларга электрондук визаларды (E-Visa) алып бере ала тургандыгын айткан. Бул үчүн ал 14 пакистандыктан 1 миллион сомдон ашык акча алган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Документтерди жасалмалоо" жана "Алдамчылык" беренелери менен кылмыш иши козголуп, шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Атайын кызмат учурда ушул сыяктуу кылмыштарды уюштургандарды аныктоо иштерин улантууда.