Өлкөдө жыл башынан бери жол кырсыгынан 110 адам каза болду

Өлкөдө 2025-жылдын башынан бери жол кырсыгынын кесепетинен 110 жаран каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Байказы Айткул уулу "Биринчи радиого" билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын башынан бери 1300дөн ашык жол кырсыгы катталган.

"Анын кесепетинен 2 миңге жакын жаран ар кандай жаракаттарды алган. Тилекке каршы, 110 жаран жыл кырсыгынан көз жумду", - дейт ал.

Ал жалпы жол кырсыктары аркы жылга салыштырмалуу быйыл көп катталып жатканын кошумчалады.

Айта кетсек, ушул жылдын 1-сентябрынан тарта жол эрежесин бузган айдоочулар үчүн токтотулган жерден жол эрежелерин суралат. Сынактан өтпөй калгандардын айдоочулук күбөлүгү алынып, “Унаа” мекемесине убактылуу жөнөтүлөт. Аны кайтарып алуу үчүн жаран кайрадан сынак тапшыруусу зарыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан