АКШда 120 жаштан ашкан 7 миллион адам тирүүлөрдүн тизмесинен чыгарылды

АКШнын Социалдык коопсуздук башкармалыгы базасындагы 120 жаштан ашкан 7 миллионго жакын адамды эсептен чыгарды. Бул тууралуу Өкмөттүн натыйжалуулук департаменти (DOGE) билдирди.

"Акыркы үч жуманын ичинде башкармалык маалыматтык чоң тазалоо жүргүзүп жатат. Азыр 120 жаштан ашкан 7 миллионго жакын америкалык каза болгондордун тизмесине кирди", - деп айтылат департаменттин социалдык тармактагы баракчасында.

Буга чейин Илон Маск жетектеген департамент 120 жаштан ашкан 3,2 миллионго жакын америкалык базадан чыгарылганын билдирген болчу.

Эске салсак, Маск социалдык жөлөкпул алган жарандардын жаш курагы жазылган таблицаны жарыялап, Кошмо Штаттарда көптөгөн "вампирлер" жашайт деп тамаша кылган. Анда жөлөкпул алуучулардын тизмесинде 120 жаштан 249 жашка чейинки бир нече миллион америкалыктар көрсөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан