Samsung компаниясынын башкы директору Чон Хи Хан каза болду

Түштүк кореялык Samsung компаниясынын башкы директорлорунун бири Чон Хи Хан 63 жашында каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар компанияга таянып жазышты.

Ал жүрөк оорусунан дарыланып жатып, ооруканада каза тапкан. Анын Samsung'дагы карьерасы 1988-жылы башталып, негизинен телевизор өндүрүү тармагында иштеген. Анын аркасында Samsung дүйнөдөгү алдыңкы телевизор өндүрүүчүсү болууга жетишкен. 2022-жылы Чон Хи Хан компаниянын башкы директору болуп дайындалган. Эми ал тейлеген тармактагы дагы бир башкы директор Жун Ён Хён жалгыз жетекчи болуп калмакчы.

Ал арада соодада компаниянын акциялары 0,8 пайызга арзандаганы айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан