Орусиялык NoName хакерлер тобу Бельгиянын бир нече ири веб-сайттарына чабуул жасады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Хакерлердин чабуулуна кабылгандардын арасында Бельгиянын жарандарына расмий документтерге кирүү мүмкүнчүлүгүн берген MyGov.be сайты бар. Ошондой эле Валлон парламентинин сайты да иштебей калганы айтылууда.
Орусиялык хакерлер тобу Telegram каналында бул Бельгиянын Украинага 1 миллиард евро өлчөмүндө сунуштаган аскердик жардам пакетине жооп экенин билдирген. Басылмалар хакерлер өткөн жылдын октябрында да беш күн катары менен Бельгиянын өкмөттүк сайттарына чабуул жасашканын белгилешти.