Казакстанда 11 ай жана 3 жашар эки баласын өлтүрүүгө шектелген келин кармалды

Казакстандын Актөбө облусунда эки жаш баланы мыкаачылык менен өлтүргөн деп аял киши кармалды. Бул туурасында казак басылмалары жазышууда.

Маалымдалгандай, каргашалуу окуя Кандыагаш шаарында орун алып, кылмышка шектелип каза болгон балдардын энеси кармалган.

"23-март күнү Кандыагаш шаарында эки жаш баланын жансыз денеси табылган. Алардын өлүмүнө шектелип Атырау облусунун тургуну, балдардын апасы кармалган. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал төрөттөн кийинки депрессияда болгон. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кылмыш иши ИИМдин облустук башкармалыгынын жетекчисинин көзөмөлүндө", - деп айтылат полициянын маалыматында.

Тергөөнүн маалымты боюнча, шектүү 1996-жылы туулган. Анын каза болгон балдарынын бири 3 жашта, экинчисине 11 ай болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан