Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство университетине улуттук статус ыйгарылды

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетине улуттук статус ыйгарылды. Бул тууралуу аталган окуу жайдан бүгүн, 25-мартта кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.

Ага ылайык, окуу жай эми Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университети деп аталат.

Маалымат үчүн: Кыргыз мамлекеттик искусство институту 1967-жылы негизделген. 1974-жылы окуу жайга белгилүү балерина, СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын аты берилген. 1993-жылы окуу жай — Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик институту жана Кыргыз мамлекеттик консерваториясы болуп экиге бөлүнгөн.

2014-жылы Кыргыз мамлекеттик искусство институту Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети болуп өзгөртүлгөн.
Окуу жайдын ишмердүүлүгү маданият жана искусствонун мамлекеттик жана мамлекеттик эмес секторлорунда иштей турган адистерди даярдоого багытталган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан