Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу “Кыргыз геология” мамлекеттик ишканасынын директору Элеман Муратов кызматынан бошотулду.
Өкмөттүн маалыматына таянсак, тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Касымалиевдин дагы бир тескемесине ылайык, Акыл Токтобаев “Кыргыз геология” мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды.