Министр Кендирбаева Чоң-Алайда памирлик окуучулар менен жолугушту (фото)

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Оштун Чоң-Алай районунун Бурган-Суу айылындагы Б.Жумабаев атындагы орто мектепке жана Кара-Кабак айылындагы Кара-Кабак орто мектебине барды.
Ведомство кабарлагандай, министр Б.Жумабаев атындагы мектептеги Памирден келген этникалык окуучулар жана ошол мектепте эмгектенген памирлик мугалимдер менен жолугушту.
Анда министр “Алтын казык” билим берүү системасын трансформациялоо программасынын алкагында 2025-2026-окуу жылына иш-аракеттер планы менен тааныштырып, алардын суроолоруна жооп берди.
Жолугушууга Чоң-Алай районунун акиминин орун басары Бекназар Бакыбеков жана Чоң-Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Алашов да катышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан