Иисус каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү жана анын тарапкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.
Маалыматка ылайык, алар урдоо, каракчылык, опузалап талап кылуу жана башка бир катар оор кылмыштарды жасоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалышкан. Атайын кызмат мурда бир нече жолу соттолгон, маркум Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган М.Б. жана К.У. менен М.С. аттуу жарандар кармалып, тергөө абагына киргизилгенин белгиледи.
"Аталган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү жана анын тарапкерлери материалдык пайда табуу максатында узак убакыт бою айрым жеке ишкерлерди куугунтуктап, коркутуп, опузалап келишкен. Жалпысынан коркутуу жана зомбулук көрсөтүү жолу менен аффилирленген жактарга наркы 170 миң доллар болгон мүлктү тариздеген. Алар уюшкан кылмыштуу топту түзгөн жана ага катышкан деп айыпталууда", - деп айтылат маалыматта.