Бүгүн, 25-мартта президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевди кабыл алды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, жолугушууда шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери жана инфратүзүмүн өнүктүрүүдөгү жетишкендиктери тууралуу маалымат айтылды.
Мэр 2024-жылы шаардын бюджети 36,5 миллиард сомго жеткенин, бул мурдагы мезгилдин көрсөткүчүнөн 1,7 эсе көп экенин билдирди. Жалпы суммасы 1 миллиард долларынан ашкан инвестициялык келишимдер түзүлдү.
Айбек Жунушалиев инфратүзүм тармагындагы долбоорлор, анын ичинде жалпы инвестициянын көлөмү 3,1 миллиард долларды түзгөн турак жай комплексин куруу жөнүндө да айтып берди.
Президентке шаардын транспортун өнүктүрүү стратегиясы тууралуу маалымат берилди. Ошондо 2025-жылга жалпы узундугу 42 чакырымды түзгөн сегиз негизги жолду комплекстүү реконструкциялоо пландаштырылууда, муну менен катар “Манас” аэропортуна баруучу жолду реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт, буга катар эле төрт жаңы автожол, анын ичинде Жибек Жолу проспектиси сыяктуу жол жана Аламүдүн дарыясынан өтүүчү үч көпүрө курулат. Коомдук транспорттун паркын жаңылоо үчүн Евро-5 экологиялык стандартына жооп берген 250 заманбап автобус алуу пландалууда. Транспортту модернизациялоого жалпы бюджет 8,2 миллиард сомду түзөт.
Жылуулук менен камсыздоону жана экологияны модернизациялоо, анын ичинде таштандыларды кайра иштетүүчү заводду куруу жана канализация системаларын жаңылоо маселелери каралды.
Мэр президенттин жеке колдоосунун аркасында 1000 автобусту ири өлчөмдө сатып алуу ишке ашырылып, борбор калаанын коомдук транспорттук паркын толугу менен жаңылоого мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканын белгиледи. Транспорт системасын андан ары өнүктүрүүнүн алкагында 12 жаңы каттамды түзүү, акылдуу жол кыймылын башкаруу системасын киргизүү жана заманбап алмаштыруу түйүнүн куруу пландаштырылууда.
Өз кезегинде президент шаардын дарыялары менен каналдарынын жээк тилкелерин жакшыртуу боюнча иштерди тездетүүнү тапшырды жана борбор калаанын жашоочулары үчүн ыңгайлуу рекреациялык мейкиндиктерди түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Мындан тышкары ал 2025-жылы катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүү боюнча экотехнологиялык заводдун курулушун аяктоо зарылдыгына басым жасады.
Президент борбор калаадагы болуп жаткан оң тенденцияларды белгилеп, Бишкек шаарынын мэриясынын эки жылдык иш-чаралар планын бекитти. Мындан тышкары ал шаарды мындан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар тапшырмаларды берди. Жол долбоорлорун ишке ашырууга 4,5 миллиард сом жана таштандыларды иргөө системасын өнүктүрүүгө 100 миллион сом бөлдү.
Жолугушуунун аягында Садыр Жапаров бардык пландаштырылган иш-чаралардын аткарылышынын мөөнөттөрүн катуу көзөмөлгө алуу зарылдыгын белгиледи.