Бүгүн, 25-мартта Баткен шаарында “Жаңы муун – жаркын келечек, таза муун – коопсуз келечек” аттуу облустук деңгээлдеги форум болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Баткен ОИИБинин башчысы Улан Жукенов, ошондой эле Баткен облусундагы 500гө жакын облус аймагындагы мектеп окуучулары катышты. Анда Урмамбетов форумдун маанисин жана анын жаштарга болгон таасирин белгиледи.
Иш-чарада укук бузууларды алдын алуу боюнча кыска метраждуу тасмалар жана бир катар интерактивдүү оюндар уюштурулуп, сахналаштырылган чыгармалар коюлду.
Иш-чаранын жыйынтыгында форумдун катышуучуларына жана конокторуна сыйлыктар тапшырылды.