Лукашенко өлкөсүндө алдыңкы жылдары артыкчылык бере турган багыттарды атады



Беларустун президенти Александр Лукашенко өлкөнүн алдыңкы беш жылдагы артыкчылык бере турган багыттарын атады.

Анын айтымында, күчтүү экономика жана инновациялык долбоорлор өлкөнүн артыкчылыктуу багыттары болот.

"Күчтүү экономика – биздин саясат жана ийгиликтин ачкычы. Келечектүү инвестициялык долбоорлор, инновациялык өндүрүш, жаңы жумуш орундарын түзүү алдыңкы беш жылдыктагы негизги милдет. Беларустун көптөгөн тармакта уникалдуу илимий потенциалы бар. Жаңы интеллектуалдык жарышта жеңилбөө үчүн бизде бардык мүмкүнчүлүктөр бар" деди Лукашенко Эгемендүүлүк сарайында өткөн инаугурация аземинде.

Бүгүн, 25-мартта Минск шаарында Беларустун президенти Александр Лукашенконун инаугурациясы болуп өттү. Лукашенко бул жолу президенттик кызматка жетинчи жолу расмий киришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан