МинКаб төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 2025-жылдын жайкы туристтик сезонуна даярдык көрүү маселелерине арналган жыйын өткөрдү.
Өкмөттөн иш-чарага тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышканын билдирди.
Анын жүрүшүндө өткөн туристтик сезондун жыйынтыгы чыгарылып, алдыдагы сезонго карата иш-чаралардын планы талкууланды. Ошондой эле транспорттун жеткиликтүүлүгү, туризм инфраструктурасын өнүктүрүү жана туристтердин коопсуздугун камсыздоо маселелерине көңүл бурулду.
Жыйындын катышуучулары жаңы аэропорттордун, унаа жолдордун жана туристтик объектилердин курулушунун жүрүшү, анын ичинде Ысык-Көл, Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы долбоорлор тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле 2026-жылы өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана жыл сайын Ысык-Көлдүн жээгинде өтө турган “Рух Санат” эл аралык фестивалына даярдыктар талкууланды.
Иш-чарада туризмди өнүктүрүү, экологиялык тең салмактуулукту жана тарыхый, маданий мурастарды сактоо зарылчылыгы баса белгиленди.
Мындан тышкары келе жаткан май майрамдарына, анын ичинде Чолпон-Ата шаарында ат чабыштарды жана ШКУнун “Run the Silk Road – 2024” эл аралык марафонуна өзгөчө көңүл бурулууда.