Азиянын дагы бир өлкөсү футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна чыкты

Иран курамасы 2026-жылы өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалдык баскычына чыкты.

Бүгүн, 26-мартка караган түнү болгон оюнда Иран курамасы Өзбекстан менен 2:2 эсебинде тең чыкты.

Бул жыйынтык менен Иран тайпада жалпы 20 упай топтоп, мөөнөтүнөн мурда Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алды.

Иран дүйнөлүк чемпиондукта катары менен төртүнчү жана тарыхында жетинчи жолу ойнойт. Команда Дүйнө чемпиондугунда өз тайпасынан чыга элек.

48 команда катышкан турнир АКШ, Мексика жана Канадада өтөт. Мелдешке үй ээлеринен тышкары Япония менен Жаңы Зеландия да жолдомо алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан