Президент Садыр Жапаров футбол боюнча Кыргызстан менен Катар курама командаларынын беттешин жеринде көрдү. Бул тууралуу президенттик администрация кабарлап, оюн учурундагы сүрөттөр менен бөлүштү.
Белгилүү болгондой, кечээ, 25-мартта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн беттеш 3:1 эсеби менен биздин футболчулардын пайдасына аяктады. Эки курама 2026-жылдагы Дүйнө чемпиондугуна тандоо этабынын үчүнчү айлампасынын алкагында оюн өткөрүштү.
Айта кетсек, Катар курамасы учурдагы Азия чемпиону.