Муфтияттын маалыматына ылайык, өлкөдө кадыр түн 26-марттан 27-мартка караган түнгө белгиленет.
Айта кетсек, быйыл Орозо айы 1-мартта башталган. Кадыр түн Орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү белгиленет.
Белгилеп өтсөк, Кыргызстанда Орозо айт майрамы 30-мартта белгиленет. Орозо айы кээде 30 же 29 күн болот.
Кадыр түндүн артыкчылыктары, белгилери тууралуу маекти шилтеме аркылуу кирип окуй аласыз.