Соцфондго жарандар кайсы суроолор менен көп кайрылышат? Мекеменин маалыматы

Социалдык фонддун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына ушул жылдын январь-февраль айларында жалпы 627 кайрылуу келип түштү. Бул туурасында мекеменин маалыматында жазылат.
Анын ичинде:
  • жазуу түрүндөгү кайрылуулар – 39;
  • ооз эки кайрылуулар – 93;
  • Соцфондунун жетекчилиги тарабынан кабыл алынган жарандар – 11;
  • ишеним телефону аркылуу – 317;
  • мобилдик ишеним телефону аркылуу – 167.
Төмөнкү маселелер боюнча кайрылуулар түшкөн:
  • пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жана көбөйтүү тууралуу;
  • мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча суроолор;
  • пенсияга укук алуу тууралуу;
  • пенсияларды дайындоо, төлөө жана туура эсептөө жөнүндө;
  • пенсияларды кайра эсептөө боюнча;
  • мамлекеттик топтоо пенсиялык фондунан (МТПФ) каражаттарды төлөө тартиби тууралуу, иштеп жаткан пенсионерлерге жана өлкөдөн тышкары туруктуу жашоого чыгып кеткен жарандарга карата;
  • Социалдык фонддун ишмердүүлүгүнө байланышкан башка суроолор.
Соцфонддон жарандар тарабынан берилген бардык суроолорго жеткиликтүү жооптор берилгенин маалымдашты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан