5-январда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда концерт берген “Биз” тобунун дал ошондой программадагы концерти түштүк регионунда уланат. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда концертти уюштуруп жаткан Астра Исмаилова SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, “Биз” тобунун концерти 12-январда Жалал-Абаддагы Барпы театрында, 13-14-январда Ош шаарында Ош улуттук драма театрында орун алат. Топтун концерти Баткенде да пландалган. Бирок түрдүү себептерден улам кайсы күнү өтөрү белгисиз болууда.