Түштүк Кореянын түштүк-чыгыш аймагында токой өрттөнүп, 27 миңден ашуун тургун үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, тилсиз жоо кеминде 18 адамдын өмүрүн алган. Ыйсондо 14, ал эми Санчхон аймагында 4 киши каза болгон.
Катуу шамалдан жана кургак аба ырайынан келип чыккан өрт бүтүндөй кварталдарды талкалады. Алардын катарында 681-жылы курулган, Гоун сыйынуучу жайы жайгашкан айыл да бар.
Аскердик күчтөрдүн колдоосу менен миңдеген өрт аянттары ооздуктоого алынып жаткандыгы маалыматта кошумчаланган. Ага карабастан башка кошумча аймактарга да коркунуч жаралууда.
Бийлик жерине 5 миңге жакын куткаруучу, атайын техникалар жана 89 тик учак тартылганын кошумчалаган.