Бишкек шаарында 17-марттан 23-мартка чейин 8730 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы кабарлайт.
Эреже бузуу фактыларынын ичинен:
- 23 мас абалында унаа башкаруу;
- 258 унаа каражатын тиешелүү каттоосу жок башкаруу;
- 198 жаран айдоочулук күбөлүгү жок ууна башкарган;
- 5456 жол белгилеринин талаптарын аткарбаган;
- 72 айдоочу унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан;
- 990 коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузуу;
- 1980 унаа айып короосуна токтотулду.
Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларга жол эрежесин так сактап, ылдамдыкты ашырбай айдоону эскертет.