Таласта келинди 1 миллионго алдаган шылуун Нарындагы банк кызматкери болуп чыкты

Талас милициясы Нарын шаарынан шылуундукка шектелген банк кызматкерин аныкташты. Бул туурасын облус милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, өткөн жылдын 2-декабрында Айтматов РИИБине 1998-жылы туулган келин арыз менен кайрылган. Анда онлайн акча табууну сунуштагандарга 1 миллиондон ашуун акчасын алдырып койгондугун айтат.

"Вотсап тиркемеси аркылуу ссылкаларды жиберип, башкалар менен бөлүшүп туруу талабы коюлган. Ал үчүн келиндин "Мбанк" картасына 200, 500 сом өлчөмүндө акчалар келип түшүп турган. Ишенимине кирип, көбүрөөк акча табуу сунушу берилген. Сунуш боюнча арыз ээси интернет алдамчысынын электрондук капчыгына акча салуусу керек болгон. Алгач 8-ноябрда 12 миң 800 сом акча салган. Бирок салган акчасы кайра толук кайтарылбагандыктан, интернет алдамчысы дагы акча салып, көбүрөөк кайтарып алууну сунуштаган. Салган акчаларын кайра кайтарып алуу үчүн арыз ээси 9 жолу ар түрдүү суммадагы акчаларды которуп, жалпы суммасы 1 миллион 27 миң 800 сомду түзгөн. Бул сумма 20 күндүн аралыгында которулган. Жыйынтыгында буга чейин байланышкан номер өчүп, шылуун изин жашырган", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу, адалдоо) менен кылмыш иши козголгон. Натыйжада Нарын шаарындагы банктардын бирининде иштеген 2000-жылы туулган Т.Р. аттуу шектүү кармалды. Жанынан далил катары буюмдар табылган.

Азыркы учурда шектүүнүн башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугун тактоо аракеттери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан