Түштүк Кореяда токой өртүн өчүрүү учурунда тик учак кулап түштү

Түштүк Кореянын түштүк-чыгыш аймагындагы токой өртүн өчүрүү учурунда тик учак кулап түшкөн. Бул тууралуу орус басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, тик учактын бортунда бир учкуч болгон. Ал ошол жерден каза тапкан.

Аталган кырсыктан улам 27 миңден ашуун тургун үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон. Мындан тышкары тилсиз жоо кеминде 18 адамдын өмүрүн алып, дагы 13 адам оор жаракат алган.

Учурда өрт 17 миң гектардан ашык токойду жана 209 объектти өрттөп кеткен.

Кырсык менен күрөшүүгө 128 тик учак, 5 миңге жакын мамлекеттик кызматкер, 3 миңден ашык өрт өчүрүүчү тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан