Бүгүн, 26-мартта борбордук аянтта Ош шаарынын мэриясынын коммуналдык чарба жана социалдык багытта иш алып барган ишканаларына жаңы атайын техникалар берилди. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, жаңы техникалардын арасында 2 жүк ташуучу Shacman унаасы, 2 суу ташуучу унаа, 1 көчө жуучу унаа, 1 манипулятор жана 1 спринтер менен 1 жеңил унаа бар. Техникалар "Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты", "Ош-Тазалык", "Ош суу каналы", "Ош свет", "Маданият башкармалыгы", "УТРК-ОШ" ишканаларына бөлүштүрүлө тургандыгы белгиленген.
Иш-чарага шаар башчысы Жеңишбек Токторбаев катышып, демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирди.
Муну менен шаардагы ишканалар 60ка жакын атайын техникалар менен толукталгандыгы мэриянын маалыматында кошумчаланган.