Бишкектеги социалдык аянтчаларда эт 550 сомдон сатылууда

Бишкектин "Аламүдүн", "Орто-Сай жана "Ош базарындагы" социалдык аянтчаларда бир килограмм эттин наркы 550 сомду түзөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлайт.

Айта кетсек, аталган аянтчалар министрлик тарабынан калкты эт азыктарын жеткиликтүү баа менен камсыз кылуу максатында уюштурулган.

Мындан сырткары калкты арзан баадагы азык-түлүк менен камсыз кылуу максатында республика аймактарында дем алыш күндөрү жарманкелер уюштурулууда.

Эске салсак, базарлардагы социалдык аянтчалар 2024-жылдын октябрь айында ачылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан