Быйыл 1-2-класска каттоо автоматтык түрдө жүргүзүлөт. Кантип? (видео)

Өлкөдө быйыл 1-2-класска каттоо мамлекеттик маалыматтык системалар аркылуу автоматтык түрдө жүргүзүлөт. Бул туурасында Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева билдирди.

Анын айтымында, ата-энелер “Түндүк”, “Мбанк”, “О!деньги”, “MegaPay” тиркемелеринен балдарынын мектепке катталганын көрүп, бир баскыч менен ырастай алышат.

"Азыр мамлекетибизде баары санариптештирилген. Жеткиликтүү маалымат болгондуктан, катталган жерине жараша окуучулардын баары жайгаштырылды. Тиркемелер менен кызматташтык түзүп, кайсы мектепке киргендиги боюнча маалыматты көрө алат. Ата-энелерден болгону макулмун деген баскычты басып коюу гана керектелет", - деп билдирген Самыкбаева.

26.03.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан