Иорданиянын борбору Амман шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда эки кыргыз балбаны жарым финалга чыкты.
Тагыраагы, грек-рим күрөшү боюнча 60 килограмм салмактагы Акыл Сулайманов чейрек финалда тажикстандык атаандашын жеңип, жарым финалга чыкты.
Ал эми 67 килограмм салмактагы Раззак Бейшекеев чейрек финалда индиялык балбан менен кез келди. Кызыктуу беттештин жүрүшүндө кыргыз балбаны укмуштуудай ыкма жасап, атаандашын жеңди.
Белгилей кетсек, кечээ күнкү мелдештерде 77 килограмм салмакта Ырыскелди Максатбек уулу коло байге уткан.