Төрага Нурланбек Тургунбек уулу "Учур" эл аралык мектебине барды (фото)

Бүгүн, 26-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Бишкек шаарында жайгашкан «Учур» эл аралык мектебине барып, ишмердүүлүгү менен таанышты.

Парламенттен билдиргендей, аталган билим берүү жайы өткөн жылдын январь айында негизделип, учурда мектепте алтымыштай окуучу, ал эми бала бакчасында кыркка жакын тарбиялануучу бар.

«Мамлекет билим берүү тармагына өзгөчө көңүл буруп, акыркы жылдары жаңы окуу имараттарын курууга жана агартуучулардын айлык маянасын көтөрүүгө басым жасап келет. Бирок мамлекетти эле карап олтура бербей, демилге көтөрүп, ушундай билим берүү жайларын ачып жаткан мекендештерибиз менен ар дайым сыймыктанабыз. Жеке мектептер атаандаштыкты жогорулатып, билим берүү жайларынын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Ал эми өлкө бийлиги, анын ичинен Жогорку Кеңеш эл аралык стандарттарга ылайык, мамлекеттик тилде билим берген мындай заманбап мектептердин ачылышын ар дайым кубаттайбыз», – деди ал.

Ошону менен бирге ал «Учур» эл аралык мектебине каржылык колдоо катары 300 миң сомдук сертификатты тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан