Кыргызстандын Дүйнө чемпиондугуна чыгуу мүмкүнчүлүгү барбы? Талдайбыз

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы кечээ, 25-мартта Бишкекте өткөн маанилүү оюнда Катарды 3:1 эсебинде утту.

Бул жыйынтык менен "Ак шумкарлардын" Дүйнө чемпиондугуна катышуу мүмкүнчүлүгү жанды.

Эми Кыргыз курамасы 4-турга чыгууну Катар менен гана талашат, үчүнчү орунда турган БАЭге жете албайбыз.

4-турга чыгуу үчүн эмне кылуу керек? Кыргызстандын алдыда эки оюну калды. 5-июнда "Ак шумкарлар" Түндүк Корея менен конокто ойносо (нейтралдуу зонада), 10-июнда өз үйүндө БАЭ курамасы менен кез келет. Бул эки оюнду тең Кыргыз курамасы сөзсүз жеңиши керек.

Ал эми тайпадагы негизги атаандаш Катар курамасы алдыдагы эки оюнун учурдагы фавориттер Иран менен Өзбекстанга каршы ойнойт. Бул эки оюнда тең Катар жеңилиши керек. Ошондо гана биз төртүнчү турга чыгуу мүмкүнчүлүгүн алабыз.

Калган 6 оюн:

5-июнь – Катар - Иран (Катар утпаш керек);

5-июнь – Түндүк Корея - Кыргызстан (биз утушубуз керек);

5-июнь – БАЭ - Өзбекстан (бизге айырмасы жок);

10-июнь – Иран - Түндүк Корея (бизге айырмасы жок);

10-июнь – Өзбекстан - Катар (Катар утпаш керек);

10-июнь – Кыргызстан - БАЭ (утушубуз керек).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан