Жасалма визаларды колдонуу менен мыйзамсыз миграцияны уюштурган делип 3 чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Чүй ОИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, алар тууралуу маалымат милицияга 24-январда келип түшкөн. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (Мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 34, 29 жана 21 жаштагы чет өлкөлүктөр кармалып, соттун чечими менен №21 тергөө абагына камакка алынган.
Тергөөдө алар 2023-жылдын июнь айынан тартып Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жасалма электрондук порталын ишке киргизишкени, ал жакка расмий визага окшошкон жасалма визаларды жайгаштыруу жолу менен өздөрүнүн мекендештеринин жана башка чет өлкөлүк жарандардын ишенимине киришкени, аларды мыйзамсыз Кыргызстанга киргизүүнү уюштурушканы аныкталды. Алар виза үчүн акча алып келишкен. Ошол эле учурда бул жакка жасалма документ менен келген мигранттар тиешелүү уруксат кагаздары жок болгондуктан эмгек иштерине мыйзамсыз тартылышып, кулчулукка дуушар болушкан. Мындан улам кармалгандарга кошумча киреше түшүп турган.
Облустук милиция алардын 70тен ашык мыйзамсыз миграциялык иштерге тиешеси бар экени такталганын белгилеп, тергөө иштери уланып жатканын кошумчалады.