Трамп АКШдагы көмүр кендерин кайра иштетүү боюнча айтты

АКШ өлкөдө энергия өндүрүшүн көбөйтүү үчүн көмүр кендерин кайра ишке киргизүүдө. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп билдиргенин дүйнөлүк басылмалар жазышты.

"Биз кайрадан көмүр кендерин ишке киргизип жатабыз. Бул таза көмүр болот. Заманбап технологиялар булганууну азайтып, эбегейсиз чоң энергия алууга мүмкүндүк берет", - деп белгилеген ал Ак үйдө сүйлөгөн сөзүндө.

Трамп кошумчалагандай, АКШнын Энергетика жана Ички иштер министрликтери энергия ресурстарын казып алууну кеңейтүү боюнча иш алып барууда. Ошондой эле бул жаатта башка өлкөлөрдүн оң тажрыйбаларын мисал келтирип, "ал эми биздин өлкөдө көмүр энергиянын эң кубаттуу булагы болуп саналат" деген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан