Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Эл артисти, дастанчы, обончу, аткаруучу, кыргыздын залкар акыны Жолболду Алыбаевдин "Дана кыз" аттуу китебинин бет ачары болуп өттү. Бул туурасында кечээ, 26-мартта мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев катышып, залкарга куттук сөздөрүн айтып, белектерин тапшырды. Ошондой эле мэриянын сунушунун негизинде, шаардык кеңештин токтому менен Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгындагы №15 көчөгө Жолболду Алыбаевдин ысымы ыйгарылгандыгын билдирди.
Иш-чаранын алкагында акындын эмгек жолуна арналган видеотасма көрсөтүлүп, манасчылардын жана ырчылардын коштоосунда концерттик программа тартууланды.