
Өлкө аймагында акыркы суткада 6 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 7 күжүрмөн эсеп тартылды. Бул тууралуу ӨКМдин билдирүүсүндө жазылат.
Маалым болгондой, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.
Ал эми Куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болду.