Күн-Туу–Шопоков–Бишкек унаа жолун реконструкциялоо иштери башталды

Чүй облусундагы Күн-Туу–Шопоков унаа жолунун Бишкек шаарына чейинки аралыгында реконструкциялоо иштери башталды. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, жолдун жалпы узундугу 12,4 чакырымды түзөт. Учурда 6 чакырым аралыгында жумуштар жүрүп жатат.
"Аталган жолду реконструкциялоо "Жол коопсуздугу" техникалык талаптарына ылайык жүргүзүлүп, бардык чаралар эске алынуу менен параллелдүү долбоорлоонун негизинде куруу пландалууда. Долбоор боюнча кыйылган бактардын ордуна экиден дарак отургузулат. Жолдун категориясы өзгөрүп, 4 тилкелүү болот. Ошондой эле лабораториялык изилдөөлөр үчүн карьерден керектүү инерттик материалдар алынып, жердин түзүлүшү жана топурактын курамы изилденүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Министрлик аба ырайынын жакшырышы менен жер жумуштары, жолдун негизин бекемдөө, туурасын кеңейтүү, эски асфальтты сүрүп тегиздɵɵ иштери улана тургандыгын кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан