Бишкекте мыйзамсыз курулуштарга уруксат берген кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

Бишкектин С.Каралаев көчөсүндөгү (Суеркулов көчөсүнөн Койбагаров көчөсүнө чейинки аралыктагы) жерлерди мыйзамсыз пайдаланууга берген кызмат адамдары аныкталды. Бул туурасында Башкы прокуратура билдирди.
Маалымдалгандай, Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Анда курулуш тармагындагы мамлекеттик контролдоочу органдардын кызмат адамдары аталган аймакка эс алуу, автоунаа жуугуч жана башка ар кандай объектилерин долбоорлоого жана курууга уруксат берилүүчү документтерди мыйзамсыз даярдап бергендиги аныкталган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан