Сокулук районунун Төмөнкү-Чүй айылында жол кырсыгы катталып, 17 жаштагы өспүрүм каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Чүй ЖКККБдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 25-мартта саат 13:03 чамасында болгон.
Ал күнү Мерседес Бенц С180 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу катуу ылдамдыкта келе жатып рулга ээ боло албай карама-каршы багытта келе жаткан Шевролет Авео үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Натыйжада Шевролет Авеонун ичинде отурган 49, 46 жана 7 жаштагы жүргүнчүлөр аймактык ооруканага жаткырылган.
Мерседес Бенц С180дин 18 жаштагы айдоочусу Сокулук аймактык оорканасынын травматология бөлүмүнө жеткирилген. Ал эми 17 жаштагы жүргүнчү алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болуп калган.