Кар жаап, үшүк жүрөт. Кыргызгидромет аба ырайы боюнча билдирүү таратты

28-29-март күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы сакталып турат. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирүү таратты.
Бул күндөрү мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде туман түшүшү ыктымал.
Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
28-30-марттарда түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3°ка, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда 0…-2°ка чейин үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, байлаган мөмөлөрүнө, гүлдөгөн жер-жемиштерге коркунучтуу.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан