Канаданын премьер-министри Марк Карни АКШ президенти Дональд Трамптын чет өлкөдө жасалган бардык унааларга 25 пайыз бажы алымдарын киргизүүсүн Оттавага түздөн-түз чабуул деп атады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Карни тарифтер АКШ-Мексика-Канада келишимин буза турганын белгилеп, буга Оттава жооп кыларын айткан.
"Биз жумушчуларыбызды коргойбуз. Биз компанияларыбызды коргойбуз, өлкөбүздү коргойбуз", - деген ал маалымат жыйынында.
Буга чейин Трамп чет өлкөдөн чыгарылган бардык унааларга 25 пайыз импорттук бажы алымдарын киргизүүнү жарыялаган. АКШ лидери мындай кадам өлкө экономикасынын өсүшүнө жана чет элдик унаа өндүрүүчүлөрдүн АКШда заводдорун ачуусуна алып келет деген жүйө келтирген.