Франция Украинага аскердик колдоо үчүн кошумча 2 миллиард евро бөлмөй болду

Франция Украинага аскердик колдоо үчүн кошумча 2 миллиард евро бөлөт. Бул туурасында Франциянын президенти Эммануэль Макрон Украинанын лидери Владимир Зеленский менен биргелешкен маалымат жыйынында билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, Макрон бул каражат Milan танкка каршы ракеталарына, MICA ракеталарына, ошондой эле Mistral зениттик ракеталарына жумшала тургандыгын айткан. Мындан тышкары VAB БТР, AMX-10 RC брондолгон унааларды жана көп сандагы ар кандай ок-дарыларды сатып алууга жумшалат.

Эммануэль Макрон 5-мартта элге кайрылуусунда Орусия Украина менен болгон жаңжалды глобалдык жаңжалга айландырууга аракет кылып жатканын айтып, Орусияны “Франция жана Европа үчүн коркунуч” деп атады. Ошондой эле ал өлкөнүн коргонуу бюджетин эки эсеге көбөйтүү демилгесин көтөрдү. 20-мартта Франциянын 450 миллион евро өлчөмүндө коргонуу фондун түзүүгө ниети бар экендиги белгилүү болгон.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан