Белгилүү мушкер айым Шевченко UFCден чыгарылды

Белгилүү кыргызстандык мушкер айым Антонина Шевченко UFC мушкерлеринин тизмесинен чыгарылды. Бул тууралуу UFC Roster Tracker порталы билдирди.

40 жаштагы Антонина жеңил салмактагы чемпион Валентина Шевченконун эжеси. Анын төрт жеңиши, төрт жеңилиши бар.

Мушкер айым Metaratings басылмасына берген маегинде уюм менен болгон келишимди мөөнөтүнөн мурда токтотууну өзү демилгелегенин, анткени ал мындан ары жашоосуна көңүл буруп, учкуч кесибин улантарын айткан. Белгилүү болгондой, ал жеке пилоттук лицензиясын 2019-жылы алган. 2020-жылы бир моторлуу учак сатып алган.

Айта кетсек, Антонина Шевченко былтыр эне статусуна ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан