Германияда жашы 70ке таяп калган аял 10-баласын жарык дүйнөгө алып келди 

Германиянын Берлин шаарынын 66 жаштагы тургуну 10-баласын жарык дүйнөгө алып келди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 66 жаштагы Александра Хильдебрандт Берлинде музейлердин биринин директору. Ал 10-баласын кесарево жолу менен өткөн аптада төрөгөн. Ымыркайдын саламагы 3,5 килограмм, бою 50 сантиметрди түзгөн. 66 жаштагы эненин буга чейинки 8 баласы кесарево жолу менен төрөлгөн. Дарыгерлер бул сейрек кездешүүчү олуттуу көрүнүш экенин билдиришкен.

Александра 21 жашында биринчи жолу эне статусуна ээ болгон. Анын эң улуу кызы 45 жашта болсо, экинчиси 36 жашта. Ал эми учурда ал 12 жаштагы эгиз, ошондой эле 10, 8, 7, 4 жана 2 жаштагы балдарын тарбиялап келет.

Көп балалуу эне журналисттердин "эмне үчүн кайра эне болууну чечтиңиз?" деген суроосуна "эмнеге болбосун, эгер бул мүмкүн болсо? Мен ашканадагы чоң дасторкондо баары отурганда ырахат алам. Мен үй-бүлөнү ушундай элестетем" деп жооп берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан