
Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндер улуттук курама командасы 2026-жылкы Азия кубогунун тандап алуу оюндарында "D" тайпасына түштү. Бул туурасында Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Маалымдалгандай, бүгүн, 27-мартта чүчү кулак тартуу аземи орун алды. Анын жыйынтыгында курама Кытайлык Тайбэй, Индонезия жана Пакистан менен бирге жайгашты. Тандап алуу оюндарга 33 курама катышып, 8 тайпага бөлүндү.
"Кыз-келиндер арасындагы Азия кубогунун тандап алуу оюндары 23-июндан 5-июлга чейин Индонезияда орун алат. Ал эми турнирдин финалдык этабы 2026-жылдын 1-21-март күндөрү Австралияда өтүп, ага жалпысынан 12 курама катышат. 8 курама тандап алуу оюндары аркылуу жолдомо үчүн күрөшсө, Австралия, Жапония, Түштүк Корея, Кытай ага автоматтык түрдө катышат", - деп айтылат маалыматта.