26-мартта Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев менен энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы астында Иран менен транспорт жана логистика тармагында кызматташтыкты өнүктүрүү перспективаларына арналган семинар болуп өттү. Иш-чара Евразия экономикалык биримдиги менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашуунун ушул жылдын 15-майында күчүнө киришинин алдында өткөрүлдү.
Семинарга ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле иран рыногунда иштеп жаткан жана Иранга жеткирүүлөрдү ишке ашыруу үчүн логистика маселелерин карап жаткан ишкердик бирикмелердин жана транспорттук компаниялардын өкүлдөрү катышты.
"ЕАЭБ Макулдашууну ишке ашыруу алкагында, анын ичинде транспорт тармагында, Иран менен толук форматтагы кызматташтыкты өркүндөтүүгө кызыкдар. Биздин өнөктөштөр «Түндүк – Түштүк» эл аралык транспорттук коридорунун алкагында өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн иштеп чыгууга, Каспий деңизи аркылуу деңиз ташууларын активдештирүүгө, «Евразия агроэкспресси» долбооруна катышууга даяр" – деп белгиледи Андрей Слепнев.
Арзыбек Кожошев белгилегендей, «Иранга жеткирүү чынжырларын түзүү зарылдыгы, ошондой эле Каспий деңизинин, Перс булуңунун, Борбордук Азиянын, Африканын, Индиянын бассейниндеги аймактарга чыгуу үчүн инфраструктураны өнүктүрүү глобалдык өзгөрүүлөрдүн жана жаңы транспорттук-логистикалык маршруттарды түзүүнүн шарттарында өзгөчө мааниге ээ».
Мамлекеттик органдардын жана ЕАЭБ бизнесинин эң перспективдүү сунуштарын ушул жылдын экинчи жарымында өткөрүү пландаштырылган Макулдашууну ишке ашыруу боюнча Биргелешкен комитеттин биринчи жыйынында ирандык тарап менен талкуулоо сунушталууда.