"Түркияга учмак". 28 жаштагы таксист өз кардарынын акчасын уурдоого шектелип кармалды

Уурулукка шектелип 28 жаштагы таксист кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 25-мартта таңга маал болгон. Анда ал "Манас" аба майданына жеткирүү буйрутмасын алган. 37 жаштагы кардар Түркияга учмак. Кардар жолдон дүкөнгө түшкөндө таксист анын сумкасынан 2600 долларын уурдоого жетишкен. Жабырлануучу таксист аны аэропортко алып келип таштап кеткенден кийин акчасын таппай калган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Облустук милиция шектүү бүгүн кармалып, Сокулук РИИБине жеткирилгенин, тергөөнүн жүрүшүндө акча толугу менен өндүрүлгөнүн белгиледи. Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан