Жаңы гимн боюнча сынакка 280ден ашык эмгек каттоого алынды

Кыргызстандын мамлекеттик гимнинин жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча уюштурулган сынакка 7-февралдан 20-мартка чейин 488 жарандан 705 сунуш келип түштү.

Маданият министрлиги бүгүн, 27-мартта кабарлагандай, анын ичинен 286сы толук талаптарга жооп берип, каттоого алынды. Алардын ичинен:

  • Толук долбоорлор (тексти, музыкасынын партитурасы, коштоосу менен) – 91;
  • Ырдын тексти, музыкалык коштоо менен – 3;
  • Ырдын тексти, музыкасынын нотасы менен – 3;
  • Ырдын тексти, музыкалык аспапсыз үн коштоосу менен – 13;
  • Ырдын тексти гана – 174 долбоор;
  • Музыкасы гана (нота) – 2 долбоор.

Эске салсак, былтыр 25-октябрда жыйында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кыргызстандын гимни өзгөртүлө тургандыгын айтып чыккан. Андан кийин 30-октябрда президент Садыр Жапаров мамлекеттик гимнди өзгөртүү боюнча "Кабар" агенттигине комментарий берип, гимнди өзгөртүүнү колдой турганын билдирген.

Мындан улам 7-февралда Маданият министрлиги Кыргызстандын мамлекеттик гимнинин жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча республикалык сынак жарыялаган. Ага композиторлор, музыканттар, акындар, автордук жамааттар жана чыгармачыл бирикмелер катыша ала турганы айтылып, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык бериле турганы маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан