Бүгүн, 27-мартта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев электр энергияга байланышкан маселелер боюнча тиешелүү мамлекеттик мекемелердин, энергетикалык компаниялардын жетекчилеринин катышуусунда көчмө жыйын өткөрдү. Бул туурасында президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, анда генерацияны көбөйтүү, 2030-жылга чейинки улуттук программанын алкагында пландалган долбоорлорду ишке ашыруу, тариф саясатына болгон өзгөртүүлөрдүн киргизилиши, керектөөчүлөрдүн саны өскөндүгүнө байланыштуу калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу сыяктуу бир катар маселелер талкууланды.
Бакыт Төрөбаев энергиянын альтернативдүү булактарын көбөйтүү аркылуу энергетикалык дефициттен чыгып, генерацияны көбөйтүүгө болорун билдирди.
“Акыркы жылдары энергетика тармагын жакшыртуу багытында бир катар алгылыктуу долбоорлор ишке ашып, тармактын иши алдыга жылууда. Бирок өлкөдө дагы деле электр энергиясына болгон дефицит бар. Бул тартыштыктан арылуу үчүн тармакка инвестиция тартып, энергиянын альтернативдүү булактарын көбөйтүп, энергетикалык дефициттен чыга алабыз. Генерацияны көбөйтүү бүгүнкү күндүн негизги талабы. “Энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал режимин” эске алып, тиешелүү министрлик майнаптуу иш алып баруусу зарыл”, – деди Бакыт Төрөбаев.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын энергетика тармагында 2023-жылдын 1-августунан 2026-жылдын 31-декабрына чейин өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Өзгөчө кырдаал режими колдонулган мезгилде энергетика министринин укуктары кеңейтилген.